Экономикалык билимдин негиздери, 9 класс, Сариков Э.С., Хайдаров Б.К., 2019

Экономикалык билимдин негиздери, 9 класс, Сариков Э.С., Хайдаров Б.К., 2019.

Учебник по экономике для 9 класса на киргизском языке.
 
Фрагмент из книги:
Базар экономикасы шарттарында адамдардын ишкердик жөндөмүтабигый, капитал жана эмгек факторлору менен бир катарда өндүрүштүн негизги факторуна айланат. Анткени, өндүрүштүн дал ушул ишкердик фактору калган үч факторду бириктирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ишкердик коом үчүн керек, анткени бул иш-аракеттин натыйжасында жаңы, кошумча иш орундары жаратылат. Ишкердик керектөөчүлөр үчүн гана эмес, ошондой эле мамлекет үчүн да керектүү жана пайдалуу иш-аракет болуп саналат. Мамлекет ишкердикке кеңири жол ачуу аркылуу калкты ишке жайгаштыруу, керектөө товарлары жана кызматтары менен камсыздоо милдетин, белгилүү бир мааниде, өзүнөн оолак кылат. Ошону менен бирге ишкердик иш-аракетинен алынган салыктардын эсебинен мамлекеттин казынасы байыйт. Ошондуктан мамлекет ишкердикти ар тараптан колдоп-кубаттайт.

Экономикалык билимдин негиздери, 9 класс, Сариков Э.С., Хайдаров Б.К., 2019


АКЦИОНЕРДИК КООМ.
Жоопкерчилиги чектелген фирмалар ири ишканалар көлөмүндө – акционердик коом көрүнүшүндө түзүлөт. Акционердик коом баштапкы уставдык фонддун көлөмүнө барабар санда өзүнүн акцияларын чыгарат жана сатат. Бул акцияны сатып алган ар бир адам коомдун акционерине айланат. Коом акционерге ар жылы пайдасынан сатып алган акциясына жараша акы – дивиденд төлөйт. Акционердик коомду чет өлкөлөрдө акционердик компания, же корпорация деп да аташат. Эгерде акционердик коомдун акциясы каалагандай адамга сатылса, мындай коом – ачык типтеги акционердик коом деп, эгерде мурдатан белгиленген адамдар тобуна (мисалы, коомдун түзүүчүлөрүнө, же кызматчыларына) сатылса – жабык типтеги акционердик коом деп ат алат.

Биринчи акционердик коому XVI кылымда Нидерландияда түзүлгөн «Ost-Ind» компаниясы болуп, ал Индия менен Европа арасында соода-сатык иштерин алып барган. Акционер сатып алган акцияларынын санына карай, коомду башкарууда добуш берүү жолу менен катышышы мүмкүн. Ал канча акция сатып алган болсо, акционердик коомдун жалпы чогулушунда ошончо добушка ээ болуп, тигил же бул чечимди кабыл алууда, коомдун жетекчилерин шайлоодо өздөрүнүн добуштары менен таасир көрсөтүшү мүмкүн. Ошол себептүү акционерде акция канчалык көп болсо, ал ишкананы башкарууда ошончо көп таасирин тийгизе алат. Эгерде акционер акциялардын жарымынан көбүн, б. а. акциялардын көзөмөл пакетин сатып алса, ал ишкананын жеке кожоюнуна айланат. Анткени акционерлердин жалпы чогулушунда чечим кабыл алууда анын пикири – добушу чечүүчү роль ойнойт.

МАЗМУНУ.
Окуу китебинен пайдалануу боюнча жалпы көрсөтмөлөр.
I глава. Ишкердик жана өндүрүш.
1-тема. Ишкердик.
2-тема. Фирма жана анын түрлөрү.
3-тема. Акционердик коом.
4-тема. Фирманы түзүү.
5-тема. Фирманын акча каражаттары.
6-тема. Дүң киреше, пайда жана зыян.
7-тема. Экономикалык ишмердикти иликтөө.
8-тема. Фирманы башкаруу – менежмент.
9-тема. Маркетинг.
10-тема. Өндүрүш жана эк ология.
I главаны кайталоо үчүн с уроолор жана тапшырмалар.
II глава. Мамлекет жана эк ономика.
11-тема. Мамлекеттин экономикалык милдеттери.
12-тема. Мамлекеттик бюджет.
13-тема. Банк систем асы.
14-тема. Мамлекеттин экономикадагы ролу.
II главаны кайталоо үчүн с уроолор жана тапшырмалар.
III глава. Салыктын түрлөрү.
15-тема. Киреше с алыгы.
16-тема. Мүлк с алыгы.
17-тема. Жер с алыгы.
18-тема. Акциз жана наркка кошулган салык.
III главаны кайталоо үчүн с уроолор жана тапшырмалар.
IV глава. Экономикалык өсүү.
19-тема. Негизги м акроэкономикалык көрсөткүчтөр.
20-тема. Экономикалык өсүү жана өнүгүү.
21-тема. Өзбекстан Республикасынын экономикалык потенциалы.
IV главаны кайталоо үчүн с уроолор жана тапшырмалар.
V глава. Инфляция жана жумушсуздук.
22-тема. Инфляция жана анын түрлөрү.
23-тема. Инфляциянын натыйжалары.
24-тема. Ишчи күчү базары жана жу мушсуздук.
25-тема. Социалдык коргоонун каражаттары.
V главаны кайталоо үчүн суроолор жана тапшырмалар.
VI глава. Дүйнөлүк экономика.
26-тема. Эл аралык соода.
27-тема. Эл аралык экономикалык мамилелер.
28-тема. Валютанын курсу.
29-тема. Дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрү.
30-тема. Дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризис.
VI главаны кайталоо үчүн суроолор жана тапшырмалар.
9-класста өтүлгөндөрдү кайталоо үчүн тест тапшырмалары.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Экономикалык билимдин негиздери, 9 класс, Сариков Э.С., Хайдаров Б.К., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи: