Өзбекстан тарыхы, 11 класс, Жураев Н., Замонов А., 2018

Өзбекстан тарыхы, 11 класс, Жураев Н., Замонов А., 2018.

Учебник по истории для 11 класса на киргизском языке.

   XX кылымдын акыркы жылдары жанa XXI кылымдын башында Өзбекстандын тарыхында таптакыр жаңы барак ачылды. Ал тарыхый доор иретинде түпкү бурулушту баштап берди. Өзбекстандын советтик түзүлүш шарттарындагы соңку жылдары жанa көз карандысыз өнүгүү доору элибиздин бир нече миң жылдык тарыхында өзүнүн маани-мазмуну, жараяндарынын тездиги, окуяларынын чечкиндүүлүгү менен ажырап турат.
Китептен Өзбекстандын мамлекеттик көз карандысыздыкка чыгышы, жаңы коомго өтүү доорунда саясий реформалардын ишке ашырылышы, Өзбекстанда укуктук-демократиялык мамлекеттин курулушу, жарандык коомдун калыптанышы, экономикалык реформаларды тереңдештирүү боюнча иш-чаралар, руханий тазаруу жанa улуттук баалуулуктардын калыбына келиши, ошондой эле Өзбекстандын дүйнөлүк коомчулуктан өзүнүн ордун табышы сыяктуу маселелер орун алган.

Өзбекстан тарыхы, 11 класс, Жураев Н., Замонов А., 2018


Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында илим-билим.
Пайда болгон жаңы тарыхый шарттар илим-билим тармагын түптөн реформалоону талап кылды. Анткени, олуттуу илимий-техникалык көйгөйлөрдүн чечилиши республиканын өнүгүшүн камсыздамак.

Эң мурда, Президенттин 1992-жылдын мартындагы указы менен илимий кадрлар даярдоону уюштуруучу ыйгарым укуктуу орган – Жогорку аттестация комиссиясы (ЖAK) түзүлдү. Президенттин 1992-жылдын июлундагы «Илим-билимди мамлекеттик жол менен колдоп-кубаттоо жанa инновациялык ишкердикти өнүктүрүү жөнүндөгү» указы менен республика окумуштууларын чет өлкөлөргө тажрыйба алмашууга жиберүү жолго коюлду. Илимий натыйжаларды ички жанa тышкы базаргa алып чыгуу менен алектенген Республикалык илимий иштелмелердин инновациялык коммерциялык борбору Илимдер академиясынын курамында түзүлдү.

1997-жылы Харезм Маъмун академиясы кайра калыбына келтирилип, Илимдер академиясынын регионалдык бөлүнмөсү иретинде түзүлдү. 2000-жылы Илимдер академиясы Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фонду дүйнөнүн эң бай кол жазмалар казнасынан бири иретинде ЮНЕСКОнун маданий мурасы тизмесине кирди.

MАЗМУНУ.
Kиришүү.
I ГЛАВА. ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН ЖАРЫЯЛАНЫШЫ ЖАНA ӨЗБЕКСТАНДА КООМДУК-САЯСИЙ РЕФОРМАЛАРДЫН БАШТАЛЫШЫ.
1-тема. Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүккө чыгышы.
2-тема. Өзбекстан Республикасы улуттук мамлекетчилигинин калыптанышы жанa өнүгүшү.
II ГЛАВА. ӨЗБЕКСТАНДА ЖАРАНДЫК КООМДУН КАЛЫПТАНЫШЫ ЖАНA ӨНҮГҮШҮ.
3-тема. Жарандык коом идеясынын өнүгүү тарыхы.
4-тема. Өзбекстанда жарандык коом өнүгүшүнүн негизги баскычтары жанa келечеги.
III ГЛАВА. ӨЗБЕКСТАНДА ЭКОНОМИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР ЖАНA СОЦИАЛДЫК САЯСАТ.
5-тема. Өзбек моделинин иштеп чыгылышы. Экономикалык реформалардын башталышы.
6-тема. Мамлекет өндүрүш потенциалынын жогорулашы жанa дүйнөлүк экономикалык системага интеграциялашуусу.
7-тема. Социалдык саясат жанa аны ишке ашыруунун баскычтары.
IV ГЛАВА. ӨЗБЕКСТАНДА ЭТНИКАЛЫК ЖАНA КОНФЕССИЯЛАР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР.
8-тема. Өзбекстанда улуттар аралык мамилелер жанa кең пейилдик.
9-тема. Өзбекстанда конфессиялар аралык мамилелер.
V ГЛАВА. ТААЛИМ СИСТЕМАСЫНЫН РЕФОРМАЛАРЫ ЖАНA КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО.
10-тема. Жалпы, орто, орто атайын билим берүү системасы.
11-тема. Жогорку билим берүү жанa андан кийинки билимдин өркүндөтүлүшү.
VI ГЛАВА. ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫНДА ИЛИМ-БИЛИМДИН ЖАНA СПОРТТУН ӨНҮГҮШҮ.
12-тема. Өзбекстанда илим-билим.
13-тема. Өзбекстан Республикасында дене тарбия жанa спорттун өнүгүшү.
14-тема. Өзбекстанда жаштар саясаты.
VII ГЛАВА. ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫНДА ӨЗБЕКСТАНДА РУХАНИЙ ЖАНA МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮ.
15-тема. Өзбекстанда руханий жанa тарыхый мурастын калыбына келиши.
16-тема. Өзбекстанда маданият жанa көркөм өнөр.
VIII ГЛАВА. ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫ ЖАНA ЭКИ ЖАКТУУ МАМИЛЕЛЕРИ.
17-тема. Өзбекстан Республикасы Тышкы саясий ишкердигинин калыптанышы жанa анын негизги багыттары.
18-тема. Өзбекстандын Борбордук Азия өлкөлөрү менен өз ара шериктештиги.
19-тема. Өзбекстан Республикасынын Россия, Кытай жанa АКШ менен өз ара мамилелери.
20-тема. Өзбекстандын Япония, Корея Республикасы жанa Индия менен эки жактуу мамилелеринин өнүгүшү.
IX ГЛАВА. ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨП ЖАКТУУ ШЕРИКТЕШТИК КАРЫМ-КАТЫШТАРЫНЫН ӨНҮГҮШҮ.
21-тема. Өзбекстандын Бириккен Улуттар Уюму рамкасындагы ишкердиги жанa тынчтыкты сүйүү боюнча тышкы саясаты.
22-тема. Өзбекстандын регионалдык уюмдар рамкасында көп жактуу шериктештиги.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Өзбекстан тарыхы, 11 класс, Жураев Н., Замонов А., 2018 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи: