Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019

Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019.

Учебник по истории для 9 класса на киргизском языке.

   Сен ушул окуу китеби менен таанышуу жараянында жакынкы өтмүшүбүздөгү түрдүү тарыхый окуялардын баяндамаларына туш келесиң. Бул окуяларга терең баа берүү аябай оңой иш эмес. Эгемендүү мамлекетчилигибиздин мазмунун толук түшүнүп жетүү үчүн колонизатордук шарттарда ушул аймакта жашаган элдердин башынан өткөндөрдү, зордук-зомбулук, түрдүү зулумдарга карабай, өзүнүн ишенимин, руханиятын жана изги жолдогу тырышчаактыгын сактап калгандыгы жөнүндөгү тарыхый чындыкты билүү чоң мааниге ээ.

Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019


Орто Азия өлкөлөрүнүн калкы.
XIX кылымдын ортолоруна келип Бухара амирлиги, Хива жана Кокон хандыктары калкынын улуттук курамы бири-бирине жакын болуп, аларда, негизинен, өзбектер жашаган. Ошону менен бирге үч хандыкта тажиктер, казактар, каракалпактар, түркмөндөр, кыргыздар да жашашкан. Алсак, бул доордо Бухара амирлиги калкынын саны 2 миллиондун айланасында болуп, улуттук курамы негизинен өзбек, тажик, түркмөн, каракалпак, казактардан түзүлгөн. Калктын негизги бөлүгү сууга мол оазистерде жашаган. Амирликте маңгыт, сарай, коңурат, кенагас, карлук, калмак, найман, кыпчак сыяктуу өзбек уруулары көпчүлүктү түзгөн.

Хива хандыгында калктын саны 800 миң адамдан ашуун болгон. Хандык калкынын этникалык курамы, негизинен, өзбектерден, мындан тышкары, түркмөндөр, каракалпактар, казактар жанa башкалардан турган. Кокон хандыгында калктын саны 3 миллионго жакын болуп, негизинен, өзбектерден турган. Ошону менен бирга ал жерде кыргыздар, тажиктер, казактар, уйгурлар, еврейлер, индилер жана башка элет өкүлдөрү да жашаган.

Бул доордо үч мамлекетте тең калктын негизги бөлүгүн түзгөн өзбектер отурукташкан түрдө жашап, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк жанa соода менен, казактар, каракалпактар, түркмөндөр жанa кыргыздар болсо көчмөн турмуш кечирип, негизинен, мал чарбасы менен алектенген.

MАЗМУНУ.
Киришүү.
I БӨЛҮМ XIX КЫЛЫМДЫН ОРТОЛОРУНДА ӨЗБЕК ХАНДЫКТАРЫНЫН САЯСИЙ, ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНA МАДАНИЙ ТУРМУШУ.
1-§. XIX кылымдын ортолорунда Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагы жана калкы.
2-§. XIX кылымдын ортолорунда өзбек хандыктарынын административдикбашкаруу системасы.
3-§. XIX кылымдын ортолорунда өзбек хандыктарынын коомдук-экономикалык турмушу.
4–5-§§. XIX кылымдын ортолорунда Орто Азия калкынын маданий турмушу.
II БӨЛҮМ РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ОРТО АЗИЯНЫ БАСЫП АЛЫШЫ.
6-§. Россия империясы тарабынан Орто Азияны басып алуу үчүн колонизатордук кыймылдардын башталышы.
7-§. Ташкенттин басып алынышы.
8-§. Түркстан генерал-губернаторлугунун түзүлүшү.
9-§. Бухара амирлигине каршы аскердик кыймылдардын башталышы.
10-§. Бухара амирлигинин үстүнөн Россия империясы протекторатынын орнотулушу
11-§. Хива хандыгынын үстүнөн Россия империясы протекторатынын орнотулушу.
12-§. Кокон хандыгынын басып алынышы.
III БӨЛҮМ РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТҮРКСТАНДАГЫ КОЛОНИЗАТОРДУК САЯСАТЫ.
13-§. Түркстан генерал-губернаторлугунун саясий-административдик башкаруу системасы.
14-§. Түркстан өлкөсүндө Россия империясынын жер-суу саясаты.
15-§. Түркстанда сот системасынын түзүлүшү.
16-§. XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башталышында Түркстанда коомдук-экономикалык жагдай.
IV БӨЛҮМ XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫНДА ТҮРКСТАНДА УЛУТТУК-БОШТОНДУК КЫЙМЫЛДАР.
17-§. Түркстанда улуттук-боштондук кыймылдардын башталышы жана анын себептери
18-§. Tашкентте «Холера козголоңу».
19-§. Андижан көтөрүлүшү.
20-§. Улуттук-боштондук кыймылдардын мааниси.
V БӨЛҮМ XIX КЫЛЫМДЫН ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ – XX КЫЛЫМДЫН БАШТАЛЫШЫНДА КАРАКАЛПАКТАР.
21-§. XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башталышында каракалпактардын аймактык жайлашуусу жана коомдук турмушу.
22-§. Салыктар жана милдеттенмелер. Элдик көтөрүлүштөр.
23-§. Каракалпактар Tүркстан генерал-губернаторлугунун курамында.
24-§. XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башталышында каракалпактардын маданияты.
VI БӨЛҮМ ЖАДИДДЕР КЫЙМЫЛЫ ЖАНA АНЫН ТҮРКСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ЖАНA МАДАНИЙ ТУРМУШУНДАГЫ МААНИСИ.
25-§. Жадидчилик кыймылынын пайда болушу.
26-§. Жадиддердин программалык максат жана милдеттери.
27-§. Жадидчилик кыймылынын өкүлдөрү жана алардын ишмердиги.
28-§. Жадидчилик кыймылынын Түркстандын коомдук-саясий жана маданий турмушуна таасири.
VII БӨЛҮМ ТҮРКСТАН ЖАНА БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ.
29-§. Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы жана анын Tүркстанга таасири.
30-§. Tүркстанда 1916-жылкы көтөрүлүштөрдүн башталышы.
31-§. Жызак көтөрүлүшү.
32-§. Түркстанда 1916-жылкы окуялардын натыйжалары жана мааниси.
VIII БӨЛҮМ XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ – XX КЫЛЫМДЫН БАШТАЛЫШЫНДА БУХАРА АМИРЛИГИ ЖАНА ХИВА ХАНДЫГЫ.
33-§. Бухара амирлигинин мамлекеттик түзүлүшү жанa коомдук-экономикалык турмушу.
34-§. Жаш бухаралыктардын ишмердиги жана Бухара амирлигинин жоюлушу.
35–36-§§. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башталышында Хива хандыгынын мамлекеттик түзүлүшү жанa коомдук-экономикалык абалы.
37-§. Хива хандыгынын жоюлушу.
IX БӨЛҮМ КОЛОНИЗАТОРДУК ШАРТТАРДА ТҮРКСТАНДА МАДАНИЙ ТУРМУШ.
38-§. Билим берүү системасы. Басма сөз.
39-§. Түркстанда илим-билимдин өнүгүшү.
40-§. Teатр жана музыка көркөм өнөрү.
41-§. Архитектура жанa сүрөт көркөм өнөрү.
Корутунду.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: ::