Дүйнө тарыхы, 11 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2018

Дүйнө тарыхы, 11 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2018.

Учебник по истории для 11 класса на киргизском языке.

   Дүйнө тарыхынын 1991-жылдан башталган доорунда дүйнөнүн социалдык-саясий жана экономикалык режиминде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул мезгилде коомдун жашоосунун бардык тармактарына күчтүү таасир көрсөткөн фактор илимий-техникалык революциянын жаңы баскычы – компьютер-маалымат революциясы болду. Бул революциянын таасири астында өнүккөн мамлекеттерде цивилизациянын индустриалдык баскычынан постиндустриалдык, маалыматтык баскычына өтүү башталды.
Бул китеп ошол мезгил окуяларын баяндоо менен бирге, коомдун өнүгүшүнүн азыркы баскычын талдоо жана өз алдынча жашоого кадам коюу алдында турган Сен сыяктуу окуучуларга өз турмуштук келечегиңди белгилеп алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү билимдерди калыптандырат. Бул билимдер дүйнө элдеринин маданиятынын ар бири өзүнө мүнөздүү баалуу экендигин, гуманизм жана патриоттук принциптери, жарандык коому жана укуктук мамлекет идеяларына негизделген жалпы инсандык баалуулуктарды таанууга жардамдашат.
Коомдун өнүгүүсүнүн маанилүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн билип алуу, өнүгүүнүн өзүнө мүнөздүү жолдорун түшүнүү жана келечектери жөнүндө элестетүүлөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет. О.э, алган билимдериң алдыңкы мамлекеттердин тарыхый тажрыйбасын Өзбекстанда чыгармачыл колдонууга жардам берет.

Дүйнө тарыхы, 11 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2018


1991 – 2017-ЖЫЛДАРДА КАВКАЗ АРТЫ МАМЛЕКЕТТЕРИ.
Азербайжан Республикасы 1991-жылы 18-октябрь күнү өз эгемендүүлүгүн жарыялады. Азербайжан 1991-жылдан бери өткөн мезгил аралыгында өзүнүн көз карандысыз жолуна ээ мамлекет экендигин далилдеп келүүдө. Ал аймак саясатта маанилүү роль ойнойт. Азербайжан чоң мунай жана газ корлоруна (запастарына) ээлиги, стратегиялык жайгашуусу себеп Россия жана Батыштын кызыкчылыктары арасында чебердик менен тең салмактуулукту сактап, өз кызыкчылыктарын камсыздап келүүдө.

Бирок, тышкы саясаттагы ийгиликтерге карабай, бир топ ички көйгөйлөр сакталып калууда. Булардын катарына, биринчи кезекте, Тоолуу Карабак көйгөйүн киргизүү мүмкүн. XX кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы эзелки көйгөй – Тоолуу Карабак маселеси дагы көтөрүлдү. Тоолуу Карабак Азербайжан аймагында жайгашкан жана негизинен армян улутуна таандык эл жашоочу автономдуу облус эле. Тоолуу Карабак автономдуу облусу башчыларынын облусту Армениянын курамына кошуусун сурап жасаган кайрылуусу аймактагы улуттук көйгөйлөрдү татаалдаштырып жиберди.

МАЗМУНУ.
Киришүү.
I БӨЛҮМ. XX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ – XXI КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА ДҮЙНӨ МАМЛЕКЕТТЕРИ.
1-тема. XX кылымдын аягы – XXI кылымдын баштарында эл аралык мамилелер.
2-тема. Чыгыш Европа мамлекеттеринде демократиялык революциялар жана социалисттик лагердин кыйрашы.
3-тема. Совет мамлекетинин кыйрашы жана мурдагы советтик республикаларда эгемендүүлүктүн жарыяланышы.
II БӨЛҮМ. 1991 – 2017-ЖЫЛДАРДА ДҮЙНӨ МАМЛЕКЕТТЕРИ.
4-тема. 1991 – 2017-жылдарда Россия Федерациясы.
5-тема. 1991 – 2017-жылдарда Украина, Беларусь жана Молдова республикалары.
6-тема. 1991 – 2017-жылдарда Балтика бою мамлекеттери.
7-тема. 1991 – 2017-жылдарда Кавказ арты мамлекеттери.
8-тема. 1991 – 2017-жылдарда Борбордук Азия мамлекеттери.
9-тема. Батыш мамлекеттеринде интеграциялашуу жараяндарынын тездешүүсү. Европа биримдиги менен АКШ мамилелери.
10-тема. 1991 – 2017-жылдарда Америка Кошмо Штаттары.
11-тема. 1991 – 2017-жылдарда Германия Федеративдик Республикасы.
12-тема. 1991 – 2017-жылдарда Улуу Британия.
13-тема. 1991 – 2017-жылдарда Франция.
14-тема. 1991 – 2017-жылдарда Италия.
15-тема. Азия, Африка жана Латын Америкасы мамлекеттеринин саясий, социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги багыттары.
16-тема. 1991 – 2017-жылдарда Кытай Эл Республикасы.
17-тема. 1991 – 2017-жылдарда Япония.
18-тема. 1991 – 2017-жылдарда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери.
19-тема. 1991 – 2017-жылдарда Индия Республикасы.
20-тема. 1991 – 2017-жылдарда Түркия Республикасы.
21-тема. 1991 – 2017-жылдарда Иран Ислам Республикасы.
22-тема. 1991 – 2017-жылдарда Пакистан жана Ооганстан.
23-тема. 1991 – 2017-жылдарда Сирия жана Ирак.
24-тема. 1991 – 2017-жылдарда Израиль мамлекети жана Палестина көйгөйү.
25-тема. 1991 – 2017-жылдарда Латын Америкасы мамлекеттери.
26-тема. 1991 – 2017-жылдарда Африка мамлекеттери.
III БӨЛҮМ. ЖАҢЫ МИҢ ЖЫЛДЫКТЫН БАШЫНДА ДҮЙНӨ ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ.
27-тема. XX кылымдын аягы – XXI кылымдын башында глобалдашуу көйгөйлөрү, аскердик, экстремисттик жана экологиялык кооптор.
28-тема. XX кылымдын аягы – XXI кылымдын башында туруктуу өнүгүү жана этно-социалдык көйгөйлөр.
29-тема. XX кылымдын аягы – XXI кылымдын башында илимий-техникалык өнүгүү. Илим-билим, адабият, көркөм өнөр.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Дүйнө тарыхы, 11 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2018 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: :: ::