Дүйнө тарыхы, 9 класс, Лафасов М., 2019

Дүйнө тарыхы, 9 класс, Лафасов М., 2019.

Учебник по истории для 9 класса на киргизском языке.

   Сен эгемендүү Өзбекстандын перзентисиң. Дүйнө тарыхын үйрөнүүдө мамлекетибиздин жетекчиси Шавкат Мирзиёевдин «...дүйнөдө, айланабызда коомубуздагы туруктуу кырдаалды изден чыгаруу, адамдардын арасына бүлүк салуу, душмандык үрөнүн себүү, түрдүү жаңжалдарды келтирип чыгаруу жана атүгүл кан төгүлүшүн каалап жаткан күчтөр да, бакытка каршы, жок эмес», деген сөздөрүн эсте тутууң жана анын тамырлары XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башына барып такалаарын билишиң зарыл.
Сен жалпы орто билим берүүчү мектептин 9-классына кадам койдуң. 8-класста «Дүйнө тарыхы» боюнча XVI кылымдын башынан XIX кылымдын 2-жарымына чейинки доорду үйрөндүң. Бул мезгилде коомдун өнүгүүсүндө өсүү күчөдү. Өндүрүш ирилешти. Саясий демократия расмийлешип, жогорку катмарлардын бийликчил формалары өркүндөдү. Эми дүйнө тарыхынын эң кызыктуу, ошону менен бирге, татаал доорун үйрөнөсүң. Анткени, бул доордо дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болду. Бул мезгилдин негизги белгиси - өндүрүштө моноиолисттик капитализм орноду. Ар түрдүү синдикаттар, картелдер, коицерндер иайда болду. Өндүрүш борборлошту, чет элге капитал чыгаруу башталды. Бир топ мамлекеттер 100 жылда жетише албаган өнүгүүгө жетишишти.

Дүйнө тарыхы, 9 класс, Лафасов М., 2019


Сынчыл реализм.
XIX кылымдын аягы - XX кылымдын баштарында Европа мамлекеттеринин маданий турмушунда реалисттик агым менен декаденттик агымдын ортосунда күрөш күч алды. Эл декаденттик маанайда жазылган чыгармаларды кабыл албады. Натыйжада турмушту айкын туюнта турган чыгармаларга талап артты. Реалист жазуучулар айланадагы чындыкты чечкиндүү жана адилеттүү түрдө чагылдырууга умтулушту. Ошондуктан бул доор реализм же «сынчыл реализм» деген ат алды. Бул мезгилде орус адабиятынын өкүлдөрү Ф. М. Достоевский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов чет элдердеги замандаштары үчүн реалисттик чыгармачылыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып беришти.

Ги де Мопассан өзүнүн «Жашоо», «Ардагым», «Монт-Ориол» ж. б. чыгармалары менен француз көркөм дүйнөсүндө бир топ социалдык маселелерди чебердик менен түркүн түстүү боёктордо сүрөттөгөн чыгармачыл адам болгон. Америкалык жазуучу Ж.Лондондун чыгармачылыгы радикалдык умтулуулар менен айырмаланып турчу. Анын «Темир таман» романында адамзаттын алдында турган кырсык же чыдагыс азаптар алдын-ала айтып берилди. Автобиографиялык түрдөгү «Мартин Иден» романында жазуучу адал чыгармачыл инсандардын жасалма маданият менен кайгылуу туш келүүсүн ачып берди.

МАЗМУНУ.
Киришүү.
I бөлүм ДҮЙНӨ XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ — XX КЫЛЫМДЬШ БАШЫНДА.
I глава. ДҮЙНӨНҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА САЯСИЙ КАРТИНАСЫ.
1-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында капитализмдин өнүгүүсүндө болуп өткөн түптөн өзгөрүүлөр.
2-§. Индустриалдык цивилизация.
II бөлүм ЕВРОПА ЖАНА АМЕРИКА МАМЛЕКЕТТЕРИ.
II глава. БАТЫШ ЕВРОПА МАМЛЕКЕТТЕРИ XIX КЫЛЫМ АЯГЫ ЖАНА XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА.
3-§. Франция - Пруссия согушу жана анын жыйынтыктары.
4-§. Францияда Үчүнчү Республика жана 1871-жыл 18-марттагы мамлекеттик төңкөрүш.
5-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Францияда экономикалык жана саясий турмуш.
6-§. Франциянын ички саясаты.
7-§. Франциянын тышкы саясаты.
8-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Германия. Империянын түзүлүшү.
9-§. Империянын ички саясаты.
10-§. Империянын тышкы саясаты.
11-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Улуу Британиянын саясий жана экономикалык абалы.
12-§. Улуу Британиянын ички саясаты.
13-§. Улуу Британиянын тышкы саясаты.
III глава. XIX КЫЛЫМ АЯГЫ - XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА АМЕРИКА МАМЛЕКЕТТЕРИ.
14-§. Америка Кошмо Штаттары.
15-§. АКШнын ички саясаты.
16-§. АКШнын тышкы саясаты.
17-§. XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында Латын Америкасынын мамлекеттери.
18-§. Латын Америкасынын башка мамлекеттери.
IV глава. XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ - XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫ, БОРБОРДУК ЖАНА ТҮШТҮК-ЧЫГЫШ ЕВРОПА МАМЛЕКЕТТЕРИ.
19-§. XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башында Россия империясынын социалдык-саясий жана экономикалык абалы.
20-§. Россия империясынын тышкы саясаты.
21-§. Россия да Мамлекеттик думанын түзүлүшү.
22-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Австрия-Венгрия империясы.
23-§. Австрия-Венгрия империясынын тышкы саясаты.
24-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Италия.
25-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Балкан мамлекеттери.
III бөлүм АЗИЯ ЖАНА АФРИКА МАМЛЕКЕТТЕРИ V глава. XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ - XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИ.
26-§. XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында Япония.
27-§. XIX кылымдын аягында Кытай.
28-§. XX кылымдын башында Кытайдын социалдык-экономикалык жана саясий абалы.
29-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Индия.
30-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Иран.
31-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Ооганстан.
32-§. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында Осмонийлер мамлекети.
VI глава. XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ - XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА АФРИКА МАМЛЕКЕТТЕРИ.
33-§. Түндүк Африка мамлекеттери.
34-§. Тропикалык жана Түштүк Африка мамлекеттери.
VII глава. 1914 - 1918 ЖЫЛДАРДАГЫ БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ.
35-§. Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы жана жүрүшү.
36-§. 1916 - 1917-жылдардагы согуш аракеттери.
37-§. Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктары жана натыйжалары.
IV бөлүм ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТ.
VIII глава. XIX КЫЛЫМДЫН АЯГЫ - XX КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТТЫН ӨНҮГҮШҮ.
38-§. Материалдык өндүрүштө техника жана илимдин өнүгүшү.
39-§. Так жана табигый илимдердин өнүгүшү.
40-§. Элге билим берүү. Гуманитардык илимдер. Көркөм өнөр (искусство).
41-§. Адабият.
Тиркеме.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Дүйнө тарыхы, 9 класс, Лафасов М., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: ::