Информатика, 5 класс, Камолитдинова Д., 2016

Информатика, 5 класс, Камолитдинова Д., 2016.

Учебник по информатике для 5 класса на киргизском языке.

   Илим жана техника, айрыкча маалымат технологиялары тездик менен өркүндөп бара жаткан ушул доордо ар бир инсан өзүнүн жашоосунда маанилүү болгон билим жана көнүкмөлөргө ээ болушу зарыл.
Өз алдынча жашоого чечкиндүү кадам таштоо, чөйрөбүздө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жаңылыктар менен пикирлеш болуп жашоо үчүн ар бир окуучу төмөнкү билим жана көнүкмөлөргө ээ болушу зарыл:
– жаңы билимдерди издөө;
– тапшырма, маселе жана көнүгүүлөрдү аткарууда теңдештери менен кызматташып иштөө;
– билимдерди ээлөө, тапшырма, маселе жана көнүгүүлөрдү аткарууда компьютерден пайдалануу.
5-класста силер алгачкы жолу «Информатика» предметин үйрөнөсүңөр. Информатика сабагында жаңы түшүнүктөрдү үйрөнөсүңөр, маселе жана тапшырмаларды аткарууда компьютерден пайдаланасыңар.
Информатика предмети айланаңарда, көз алдыңарда болуп жаткан окуяларды жакшыраак түшүнүүгө, жаңы билимдерди ээлөөгө эң жакын жардамчы болуп калат.

Информатика, 5 класс, Камолитдинова Д., 2016


КОМПЬЮТЕРДИ БАШКАРУУ ПРОГРАММАЛАРЫ.
Өткөн темада компьютердин негизги жана кээ бир кошумча курулмалары, алардын милдеттери менен таанышып алдык. Компьютердин негизги жана кошумча курулмалары жалпысынан катуу бөлүк (англ. Hardware, hard – катуу, ware – буюм) деп аталат.

Бирок, компьютерлердин иштеши үчүн бул курулмалардын өзү жетиштүү эмес. Компьютер иштеши үчүн буйруктар жана көрсөтмөлөр, тактап айтканда компьютер программалары керек болот. Компьютер программалары – компьютер түшүнө ала турган тилде жазылган буйрук жана көрсөтмөлөрдүн тартиптүү удаалаштыгы болуп саналат.

Компьютер программалары өз кезегинде:
• башкаруу программалары (операциялык системалар);
• текст менен иштөө программалары;
• сүрөт, чиймелер менен иштөө программалары;
• эсептөөлөрдү аткаруучу программалар жана башка ар түрдүү программалардан турат.

Мазмуну.
Kиришүү.
1-сабак. Коопсуздук техникасынын эрежелери жана санитардык-гигиеналык талаптар.
2-сабак. Компьютер. Компьютердин негизги курулмалары жана алардын милдеттери.
3-сабак. Компьютерди башкаруу программалары.
4-сабак. Файл жана папка түшүнүгү.
5-сабак. Практикалык сабак.
6-сабак. Kлавиатура менен таанышуу.
7-сабак. Kлавиатура тренажёрундагы көнүгүүлөр.
8-сабак. Kлавиатура тренажёрундагы көнүгүүлөр.
9-сабак. Компьютердеги калькулятордон пайдалануу.
10-сабак. Paint программасы жөнүндө.
11-сабак. Paint инструменттер панели жана андан пайдалануу.
12-сабак. Paintте амалдарды аткаруу.
13-сабак. Paintте сүрөттөрдү кайта иштөө.
14-сабак. Paintте амалдарды аткаруу.
15-сабак. Компьютер оюндары жөнүндө.
16-сабак. Компьютер oюндары.
17-сабак. Текшерүү иши.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Информатика, 5 класс, Камолитдинова Д., 2016 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи: