Учебник по киргизскому языку для 6 класса на киргизском языке.
Мезгилдин талабына жараша кыргыз тилин окутуу тил үйрөнүүнүн дүйнөлүк калыбына салынып, алгачкы саамалыктар өркүндөтүлүп, айрым кемчиликтер жоюлуп, кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү багыты улам жаңыланып, туура нукка коюла баштады. Анын методикалык, педагогикалык принциптери иштелип чыгып, методисттер ал принциптерге ыӊгайлашкан жана учурдагы талапка ылайык заманбап окуу материалдарын түзө башташты. Сунушталып жаткан окуу китептери да ушундай заманбап окуу материалына кирет десек жаңылышпайбыз. Биздин коомдогу өзгөрүүлөр кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуунун максаттарын жана милдеттерин кайрадан карап чыгууга өбөлгө түздү. Азыркы учурда орто мектептин бүтүрүүчүсү кыргыз тилин билүүсү зарыл. Мектеп бүтүрүүчүсүнүн кеп ишмердигинин (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу) бардык түрлөрү боюнча көндүмдөрү калыптанышы керек.








