Учебник по химии для 10 класса на киргизском языке.
Быйыл химиянын эң маанилүү болгон бөлүмү – органикалык химияны үйрөнөсүңөр. Органикалык химия, химия предмети жана өндүрүштүн ылдам өнүгүп жаткан тармагы болуп эсептелет. Азыркы убакытта бир нече миллиондон ашуун органикалык бирикмелер бар болуп, алардын арасында бүгүнкү күнгө чейин жандуу жаратылышта табылбаган заттар да бар. Ушул заттарды алуу химиктердин илимий иш-аракетинин натыйжасы болуп саналат.
Органикалык заттар жердеги жашоонун материалдык ташуучусу эсептелинет. Ар бир тирүү организмде ондогон органикалык бирикмелер: белоктор, липиддер, углеводдор, нуклеин кислоталары сыяктуу комплекстер, организмдин турмуштук жөндөмдүүлүгүн камсыздоочу туруктуу өзгөрүүлөрдө болгон гормондор, витаминдер бар.
АЛКАНДАРДЫН ХИМИЯЛЫК КАСИЕТТЕРИ ЖАНА КОЛДОНУЛУШУ.
Алкандар сан жагынан көп болуп, алардын молекулалары окшош түзүлүшкө ээ: көмүртек атомдору бири-бирине жана суутек атомдоруна бир коваленттик байланыштар менен байланышкан. Ошондуктан алкандардын химиялык касиеттери окшош болот.
Бардык алкандар төмөн химиялык активдүүлүгү менен ажыралып турат. Алар кислоталар, негиздер, туздардын эритмелери менен өз ара таасирдешпейт. Аларга KMnO4 сыяктуу күчтүү кычкылдандыргыч жана шакардык металлдар сыяктуу күчтүү калыбына келтиргич заттар таасир кылбайт.
МАЗМУНУ.
I БӨЛҮМ ОРГАНИКАЛЫК ХИМИЯНЫН ТҮЗҮЛҮШ ТЕОРИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ АЛГАЧКЫ ТҮШҮНҮКТӨР.
1.1. Органикалык химиянын тарыхы. Органикалык бирикмелердин өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.
1.2. Органикалык бирикмелердин түзүлүш теориясы.
1.3. Органикалык бирикмелерде көмүртектин валенттүүлүгү жана кычкылдануу даражасы.
1.4. Изомерия жана анын түрлөрү.
1.5. Органикалык бирикмелердин классификациясы.
1.6. Органикалык бирикмелерге мүнөздүү реакциянын түрлөрү.
1.7. Органикалык бирикмелердин номенклатурасы.
1.8. Органикалык бирикмелердин номенклатурасы жана изомериясы боюнча маселелер жана көнүгүүлөрдү аткаруу.
1.9. Практикалык иш. Органикалык бирикмелердин үлгүлөрү менен таанышуу жана аларды салыштыруу.
1.10. Практикалык иш. Органикалык бирикмелердин курамын анализдөө.
II БӨЛҮМ УГЛЕВОДОРОДДОР.
2.1. Алкандар.
2.2. Алкандардын изомериясы жана аталышы.
2.3. Алкандардын алынышы жана физикалык касиеттери.
2.4. Алкандардын химиялык касиеттери жана колдонулушу.
2.5. Циклоалкандардын түзүлүшү. Изомериясы жана аталышы.
2.6. Циклоалкандардын алынышы, касиеттери жана колдонулушу.
2.7. Алкендер. Номенклатурасы. Изомериясы.
2.8. Алкендердин алынышы, касиеттери жана колдонулушу.
2.9. Практикалык иш. Этилендин алынышын жана касиеттерин үйрөнүү.
2.10. Алкадиендер. Гомологиялык катары. Изомериясы. Аталышы.
2.11. Алкадиендердин алынышы, касиеттери жана колдонулушу.
2.12. Каучук. Резина.
2.13. Алкиндер. Гомологиялык катары. Изомериясы. Аталышы.
2.14. Алкиндердин алынышы, касиеттери жана колдонулушу.
2.15. Жыпар жыттуу углеводороддор. Гомологиялык катары. Изомериясы. Аталышы.
2.16. Жыпар жыттуу углеводороддордун алынышы, касиеттери жана колдонулушу.
2.17. Стирол, анын алынышы, касиеттери жана колдонулушу.
2.18. Углеводороддордун табигый булактары. Табигый газ.
2.19. Нефть жана нефтини кайра иштетүү.
2.20. Таш көмүр.
2.21. Практикалык иш. Углеводороддордун шар стержендүү жана масштабдуу моделдерин жасоо.
2.22. Углеводороддордун табигый булактары, аларды кайра иштетүү продуктуларынан натыйжалуу пайдалануу.
2.23. Углеводороддордун негизги класстарына таандык маселе жана көнүгүүлөрдү аткаруу.
2.24. Бөлүм боюнча бышыктоо үчүн тапшырмалар.
III БӨЛҮМ КЫЧКЫЛТЕКТҮҮ ОРГАНИКАЛЫК БИРИКМЕЛЕР.
3.1. Каныккан бир атомдуу спирттер. Гомологиялык катары. Номенклатурасы. Изомериясы.
3.2. Каныккан бир атомдуу спирттердин алынышы, касиеттери жана колдонулушу.
3.3. Көп атомдуу спирттер.
3.4. Этиленгликоль менен глицериндин касиеттери.
3.5. Практикалык иш. Көп атомдуу спирттерге тиешелүү тажрыйбалар.
3.6. Фенолдор жана жыпар жыттуу спирттер.
3.7. Фенолдор жана жыпар жыттуу спирттер. Алынышы. Колдонулушу.
3.8. Жөнөкөй эфирлер. Алынышы жана касиеттери.
3.9. Оксобирикмелер. Альдегиддер. Алынышы жана касиеттери.
3.10. Практикалык иш. Спирттерге жана альдегиддерге мүнөздүү реакциялар.
3.11. Кетондор. Алынышы жана касиеттери.
3.12. Карбон кислоталары. Алынышы жана касиеттери.
3.13. Карбон кислоталары темасы боюнча маселелер чыгаруу.
3.14. Татаал эфирлер.
3.15. Практикалык иш. Өсүмдүктөрдүн курамындагы татаал эфирлер.
3.16. Майлар. Алынышы жана касиеттери.
3.17. Практикалык иш. Майлардан самын алуу.
3.18. Углеводдор. Моносахариддер.
3.19. Дисахариддер. Мальтоза. Сахароза.
3.20. Полисахариддер. Крахмал. Целлюлоза.
3.21. Практикалык иш. Углеводдорго тиешелүү тажрыйбалар.
3.22. Табигый жана жасалма булалар.
3.23. Практикалык иш. Органикалык бирикмелерди өзүнө мүнөздүү болгон реакциялардын негизинде аныктоо.
3.24. Тема боюнча маселе жана көнүгүүлөрдү аткаруу (1).
3.25. Тема боюнча маселе жана көнүгүүлөрдү аткаруу (2).
IV БӨЛҮМ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО.
4.1. Органикалык заттарды өндүрүүчү өнөр жай.
4.2. Органикалык калдыктар жана аларды кайра иштетүү технологиялары.
4.3. Практикалык иш. Кагазды кайра иштетүү.
Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Химия, 10 класс, Исматов И., Азаматова Д., Момунжанов M., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.
Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу
Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:
Хештеги: #учебник на киргизском языке :: #химия :: #Исматов :: #Азаматова :: #Момунжанов :: #10 класс
Смотрите также учебники, книги и учебные материалы:
Следующие учебники и книги:
- Himiýa, 7 synp, Askarow I., Gopirow K., Azamatowa D., 2022
- Ximiya, 7 klas, Xasanova S., Azamatova D., Ismatov I., 2022
- Himiýa, 10 synp, Ismatow I., Azamatowa D., Mominjanow M., 2022
Предыдущие статьи:
- Ximiya, 10 klas, Ismatov Sh., Azamatova D., Móminjanov M., 2022
- Kимиё, 7 синф, Aсқаров И.Р., Ғафуров К., 2022
- Химия, 7 класс, Aскаров И., Гапиров К., 2022
- Химия, 7 сынып, Асқаров И., Гафуров К., 2022