Технология, 6 класс, Шарипов Ш.С., Койсинов А.A., Тахиров Ө.А., 2021

Технология, 6 класс, Шарипов Ш.С., Койсинов А.A., Тахиров Ө.А., 2021.

Учебник по технологии для 6 класса на киргизском языке.

   Aрдактуу окуучу! Өткөн жылдар бою Сен “Технология” предметине тиешелүү көптөгөн билимдерди үйрөндүң жана чыгармачыл иштерди өз алдынча аткарып келдиң. Эми алган билим, көндүм жана тажрыйбаларыңды дагы да бекемдеген түрдө, өз колдоруң менен түрдүү материалдардан кооз буюмдар, түрдүү механизмдин негизинде кыймылдоочу жөнөкөй жабдуулар, робототехника элементтеринин жардамында акылдуу техника жана технологияларды жасоону үйрөнөсүң.
Сен улуу келечекти жаратуучу, жаңы технологияларды турмушка ашыруучу, анын натыйжасында мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуучу инсан болуп эсептелесиң.
Бул жаңы муун китебинин негизинде алган билимдериң келечек турмушуңда маанилүү орунду ээлей турган практикалык эмгек иш-аракетине даярдык көрүшүңдө жана өзүң кызыккан өнөр-кесиптин түрлөрүнүн бирин туура тандооңдо Сага жакындан жардам берет деп ишенебиз.

Технология, 6 класс, Шарипов Ш.С., Койсинов А.A., Тахиров Ө.А., 2021


ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ДИЗАЙН БАГЫТЫ.
Калың жана катуу жыгачтарды оюу-тешүү иштери дайыма оюучу көзөөчтөрдүн жардамында аткарылат. Жонуучу көзөөчтөр жука, оюучу көзөөчтөр болсо калың болот. Ар эки көзөөчтүн эни түрдүү өлчөмдөрдө даярдалат. Жонуучу көзөөчтөрдүн эни 4 мм ден 40 мм ге чейин, оюучу көзөөчтөрдүн эни болсо 6 мм ден 20 мм ге чейин болот.

Жыгач тактайларды жонуу жана оюу-тешүүдө ноо түрүндөгү көзөөчтөрдөн да пайдаланылат. Алар менен цилиндрдик тешик жана уяларды оюу, беттерде оюк ачуу сыяктуу иштер аткарылат. Столярдык көзөөчтөр кандай болушуна карабай бир жагынан гана курчутулат. Жонуучу көзөөчтөрдүн курчтук (чарыктоо) бурчу 18–35º, оюучукөзөөчтөрдүн курчтук бурчу болсо 25–35º тегерегинде болот.

Көзөөчтөрдүн туткалары зараң, кара кайың, кайрагач, жаңгак сыяктуу бышык жыгачтардан даярдалып, учуна металл шакек кийдирилет. Алардын туткаларын даярдоодо пластмассалардан да пайдаланылат. Көзөөч менен иштегенде станок жаракаттанбастыгы үчүн иштөө берилип жаткан буюмдун астына коргоо тактайы коюлат.

MAЗМУНУ.
01 ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ДИЗАЙН БАГЫТЫ.
I БӨЛҮМ. ЗАМАНБАП ТЕХНИКА ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР.
II БӨЛҮМ. МАТЕРИАЛДАРГА ИШТӨӨ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ.
II.1. Жыгачка иштөө берүү технологиясы.
II.2. Металлга иштөө берүү технологиясы.
II.3. Композиттик материалдар.
III БӨЛҮМ. СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ.
02 СЕРВИС КЫЗМАТЫ БАГЫТЫ.
I БӨЛҮМ. ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫНА ИШТӨӨ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ.
I.1. Жалпы түшүнүктөр.
I.2. Аспап-жабдуулар, курулмалар жана алардан пайдалануу.
I.3. Тамактарды даярдоонун технологиясы.
II БӨЛҮМ. МАТЕРИАЛДАРГАИШТӨӨ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ.
II.1. Жалпы түшүнүктөр.
II.2. Аспап-жабдыктар жана алардан пайдалануу.
III.3. Машина, механизм, станоктор жана алардан пайдалануу.
II.4. Азыктарды өндүрүү технологиясы.
III БӨЛҮМ. СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ.
03 АЙЫЛ ЧАРБАСЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БАГЫТЫ.
I БӨЛҮМ. АГРОТЕХНИКА.
II БӨЛҮМ. АЙЫЛ ЧАРБАСЫ АСПАП-ЖАБДЫКТАРЫ, МАШИНАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДАН ПАЙДАЛАНУУ.
III БӨЛҮМ. БАКЧЫЛЫК.
IV БӨЛҮМ. ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН НЕГИЗДЕРИ.
04 ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ДИЗАЙН, СЕРВИС КЫЗМАТЫ ЖАНА АЙЫЛ ЧАРБАСЫ ТЕХНОЛОГИЯСЫ БАГЫТТАРЫ.
РОБОТОТЕХНИКАНЫН НЕГИЗДЕРИ.
Пайдаланылган адабияттардын тизмеси.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Технология, 6 класс, Шарипов Ш.С., Койсинов А.A., Тахиров Ө.А., 2021 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: :: ::