Физика, 7 класс, Хабибуллаев П.К., Байдедаев А., Бахрамов А.Д., Бурханов С., 2017

Физика, 7 класс, Хабибуллаев П.К., Байдедаев А., Бахрамов А.Д., Бурханов С., 2017.

Учебник по физике для 7 класса на киргизском языке.

   Сен 6-класста физикалык чоңдуктар, заттын түзүлүшү, механикалык, жылуулук, жарык, үн кубулуштары жөнүндөгү алгачкы маалыматтарды алгансың. Аны менен физика жөнүндөгү баштапкы түшүнүктөргө ээ болгонсуң.
Эми физиканын ар бир бөлүмүн толугураак үйрөнүүнү баштайсың. Алсак, 7-класста «Механика» бөлүмүн үйрөнөсүң. «Механика» сөзү каерден келип чыккан? Физиканын «Механика» бөлүмүндө эмнелер окутулат?

Физика, 7 класс, Хабибуллаев П.К., Байдедаев А., Бахрамов А.Д., Бурханов С., 2017


Бир калыптагы кыймыл.
Телонун механикалык кыймылын үйрөнүү үчүн төмөнкү тажрыйбаны аткарып көрөлү. Арабачага 24-сүрөттөгүдөй тамчылаткыч орнотулган болсун. Бирдей убакыт аралыгында бирден тамчылап турса, ал кайсы убакытта араба каерде болгонун белгилеп кетет. Арабачаны коюп жиберсек, ал кыймылдайт. Мында анын артындагы түшкөн тамчылардын арасындагы аралык бирдей эместигин байкоо мүмкүн.

Демек, арабача бирдей убакыт аралыгында түрдүүчө аралыкты басып өткөн, б. а. ал бир калыпта эмес кыймылдаган. Эми тажрыйбаны бир аз өзгөртөлү. Бул жолу арабачага артылган жүктү азайтып, тамчылар арасындагы аралык бирдей болушуна жетишели (25-сүрөт). Мындай учурда арабача бирдей убакыт аралыгында бирдей жолду басып өткөн деп айтуу мүмкүн. Арабанын мындай кыймылы бир калыптагы кыймылга мисал боло алат.

MАЗМУНУ.
Киришүү.
КИНЕМАТИКАНЫН НЕГИЗДЕРИ.
I бөлүм. Механикалык кыймыл жөнүндө жалпы маалыматтар.
1-§. Нерселердин кыймылы.
2-§. Мейкиндик жана убакыт.
3-§. Кинематиканын негизги түшүнүктөрү.
4-§. Скалярдык жана вектордук чоңдуктар, алардын үстүндө аткарылуучу амалдар.
I бөлүм боюнча корутундулар.
I бөлүмгө тиешелүү кошумча суроо жана маселелер.
II бөлүм. Түз сызыктуу кыймыл.
5-§. Түз сызыктуу бир калыптагы кыймыл жөнүндө түшүнүк.
6-§. Түз сызыктуу бир калыптагы кыймылдын ылдамдыгы.
7-§. Түз сызыктуу бир калыптагы кыймылдын графикалык сүрөттөлүшү.
8-§. Бир калыпта эмес кыймылда ылдамдык.
9-§. Бир калыпта өзгөрмөлүү кыймылда ылдамдануу.
10-§. Бир калыпта өзгөрмөлүү кыймылдын ылдамдыгы.
11-§. Бир калыпта өзгөрмөлүү кыймылда басып өтүлгөн жол.
12-§. Бир калыпта ылдамдатылган кыймылдагы нерсенин ылдамдануусун аныктоо (1-лабораториялык иш).
13-§. Нерселердин эркин түшүшү.
14-§. Жогоруга тик ыргытылган нерсенин кыймылы.
III бөлүм. Бир калыптагы айланма кыймыл.
15-§. Нерсенин бир калыптагы айланма кыймылы.
16-§. Айлануу кыймылын мүнөздөй турган чоңдуктардын арасындагы байланыштар.
17-§. Борборго умтулуучу ылдамдануу.
ДИНАМИКАНЫН НЕГИЗДЕРИ.
IV бөлүм. Кыймыл мыйзамдары.
18-§. Нерселердин өз ара аракеттениши. Күч.
19-§. Ньютондун биринчи мыйзамы – инерция мыйзамы.
20-§. Нерсенин массасы.
21-§. Ньютондун экинчи мыйзамы.
22-§. Ньютондун үчүнчү мыйзамы.
23-§. Кыймыл мыйзамдарынын айланма кыймылга колдонулушу.
24-§. Серпилүү күчү.
25-§. Пружинанын катуулугун аныктоо (2-лабораториялык иш).
V бөлүм. Сырткы күчтөр таасиринде нерселердин кыймылы.
26-§. Бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамы.
27-§. Оордук күчү.
28-§. Нерсенин салмагы.
29-§. Ашыкча жүк жана салмаксыздык.
30-§. Жердин тартуу күчү таасиринде нерселердин кыймылы.
31-§. Жердин жасалма жолдоштору.
32-§. Сүрүлүү күчү. Тынч абалдагы сүрүлүү.
33-§. Тайгаланып сүрүлүү. Тоголонуп сүрүлүү.
34-§. Тайгаланып сүрүлүү коэффициентин аныктоо (3-лабораториялык иш).
35-§. Табиятта жана техникада сүрүлүү.
САКТАЛУУ МЫЙЗАМДАРЫ.
VI бөлүм. Импульстун сакталуу мыйзамы.
36-§. Импульс.
37-§. Импульстун сакталуу мыйзамы.
38-§. Реактивдүү кыймыл.
VII бөлүм. Жумуш жана энергия. Энергиянын сакталуу мыйзамы.
39-§. Механикалык жумуш.
40-§. Нерсенин көтөрүүдө жана аны ушул аралыкка горизонталь которууда аткарылган жумушту эсептөө (4-лабораториялык жумуш).
41-§. Потенциалдык энергия.
42-§. Кинетикалык энергия.
43-§. Механикалык энергиянын сакталуу мыйзамы.
44-§. Нерсенин кинетикалык энергиясынын анын ылдамдыгы жана массасына көз карандылыгын аныктоо (5-лабораториялык иш).
45-§. Кубаттуулук.
46-§. Табиятта энергиянын сакталуусу. Пайдалуу аракет коэффициенти.
Тиркеме. Лабораториялык иштерде өлчөө каталыктарын эсептөө.
Маселелердин жооптору.
Кошумча көнүгүүлөрдүн жооптору.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Физика, 7 класс, Хабибуллаев П.К., Байдедаев А., Бахрамов А.Д., Бурханов С., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: :: :: ::