Книги по изобразительному искусству для 7 класса на киргизском языке.
Ардактуу окуучу! Сага берилип жаткан бул жаңы муун китебинде сүрөт өнөрүнүн түрлөрү, жанрлары, агым жана багыттары, чыгармачыл сүрөтчүлөр, дизайн, композициялык ишмердүүлүк, каллиграфия (көркөм жазуу) өнөрү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышасың. Сүрөт өнөрү сабактарында алган билимдериң, өздөштүргөн практикалык компетенцияларың кесип тандооңдо сага жакындан жардам берет. Ал үчүн сен китептеги темаларды кунт коюп өздөштүрүшүң, практикалык тапшырмаларды аткарып, өз чеберчилигиңди арттырып барууң зарыл болот. Бул китеп чыгармачыл ишмердүүлүк менен байланыштуу болгон сүрөтчүлүк, айкелчилик, дизайнeрлик, архитекторлук сыяктуу кесиптер жөнүндө түшүнүккө ээ болууң үчүн маанилүү булак милдетин өтөшүнө үмүт кылабыз.
