Учебник по экономике для 9 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
Базар экономикасы шарттарында адамдардын ишкердик жөндөмүтабигый, капитал жана эмгек факторлору менен бир катарда өндүрүштүн негизги факторуна айланат. Анткени, өндүрүштүн дал ушул ишкердик фактору калган үч факторду бириктирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ишкердик коом үчүн керек, анткени бул иш-аракеттин натыйжасында жаңы, кошумча иш орундары жаратылат. Ишкердик керектөөчүлөр үчүн гана эмес, ошондой эле мамлекет үчүн да керектүү жана пайдалуу иш-аракет болуп саналат. Мамлекет ишкердикке кеңири жол ачуу аркылуу калкты ишке жайгаштыруу, керектөө товарлары жана кызматтары менен камсыздоо милдетин, белгилүү бир мааниде, өзүнөн оолак кылат. Ошону менен бирге ишкердик иш-аракетинен алынган салыктардын эсебинен мамлекеттин казынасы байыйт. Ошондуктан мамлекет ишкердикти ар тараптан колдоп-кубаттайт.
