Учебник по истории для 10 класса на киргизском языке.
Дин эзелтеден адамдарды дайыма жакшылыкка, изги иштерге үндөгөн. Борбордук Азия элдери ынанып келген ислам дини да жогорку инсандык сапаттардын калыптанышына кызмат кылган. Дин адамзаттын руханий дүйнөсү менен үзгүлтүксүз байланыштуу, социалдык жашоодо дайыма аны менен бирге болуп келген.
Динди үйрөнүү – бул адамдын руханий дүйнөсүн үйрөнүү болуп саналат. Диний булактар адамзат тарыхында болгон үлгүлүү окуяларды өзүндө камтыган, алар кишилерди ахлактык тарбиялоодо маанилүү орун тутат. Бул болсо адамдын турмуш жолдорунда адашпастыгы, жакшы-жаман, ак караны таанып билүүсү жана өз жашоосун туура уюштуруусу үчүн негизги каражат болуп кызмат кылат. Натыйжада адамдын жашоо мүнөзү жогорулап, коомдо өнүгөт.








