Учебник по физике для 7 класса на киргизском языке.
Сен 6-класста физикалык чоңдуктар, заттын түзүлүшү, механикалык, жылуулук, жарык, үн кубулуштары жөнүндөгү алгачкы маалыматтарды алгансың. Аны менен физика жөнүндөгү баштапкы түшүнүктөргө ээ болгонсуң.
Эми физиканын ар бир бөлүмүн толугураак үйрөнүүнү баштайсың. Алсак, 7-класста «Механика» бөлүмүн үйрөнөсүң. «Механика» сөзү каерден келип чыккан? Физиканын «Механика» бөлүмүндө эмнелер окутулат?
