Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019.
Учебник по биологии для 9 класса на киргизском языке.
Биология — жашоо жөнүндөгү илим, грекче эки: «биос» — жашоо, “логос” — окуу сөзүнүн кошулушунан келип чыккан. Биология термини 1802-жылда француз окумуштуусу Ж.Б.Ламарк жана немис аалымы Г.Р.Тревиранус тарабынан илимге киргизилген. Биология
жашоо, анын түрлөрү, түзүлүшү, өөрчүү мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим болуп эсептелет. Биологиянын изилдөө объекти бул – вирустар, микроорганизмдер, козу карындар, өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамдар, алардын орган, ткань, клеткаларынын курамы, клеткаларда жүрүүчү жараяндар жана организмдин жеке жана тарыхый өнүгүүсү, жамаатташтары, алардын өз ара органикалык эмес жаратылыш менен байланышы эсептелет.
