География, 7 класс, Миракмалов М., 2022

География, 7 класс, Миракмалов М., 2022.

Книги по географии для 7 класса на киргизском языке.

   Кымбаттуу окуучу! Сен быйылкы жылдан жаңы предмет — Географияны үйрөнүүнү баштайсың. Бул предмет сенин Жердин табияты жөнүндөгү билимиңди дагы да бышыктайт. Жер жүзүндөгү ири суулар жана кургактыктар — материктер жана океандар, алардын бөлүктөрүнүн табияты, аларда жүрүп жаткан өзгөрүштөр менен тааныштырат. Китепти окуу аркылуу сен материктерди жана океандарды үйрөнгөн саякатчылардын жасаган иши, түрдүү материктердин климаты, суулары, табият зоналары, океандар жана алардын ири бөлүктөрү — деңиздер, булуң жана кысыктардын табияты менен жакындан таанышасың. Ал эми аларды билүү, талдай алуу өлкөбүздүн табиятында жүрүп жаткан өзгөрүштөрдү түшүнүшүңдө, аларды талдоо аркылуу келечекте Жер жүзүндө жана өлкөбүздүн табиятында болушу мүмкүн болгон экологиялык жана геоэкологиялык көйгөйлөрдүн алдын алууга даярдык көрүүдө сага жол башчы болот.

География, 7 класс, Миракмалов М., 2022


Географиялык карталар.
Планетабыздын табияты жөнүндө жалпы түшүнүктү калыптандырууда Жердин модели — глобус жана карталардын мааниси чоң. Глобуста материктер, океандар, арал жана жарым аралдардын формасы кыйла анык, бирок өтө кичирейтилген түрдө сүрөттөлөт. Глобуста түндүк уюл ар дайым жогору жакта, ал эми түштүк уюл ылдый жакта көрсөтүлөт. Жердин айлануу огу өзү кандай болсо, ошондой абалда, бир жакка жантайган абалда сүрөттөлөт. Бирок материктер, океандар, деңиз жана көлдөр, тоолор жана түздүктөр өтө кичине өлчөмдө сүрөттөлгөндүктөн, алардын анык формаларын толугураак элестетүүгө болбойт.

Географиялык картада Жердин бети тегиз бетте өтө кичирейтилген түрдө шарттуу белгилер менен сүрөттөлөт. Карталарда бүткүл Жер жүзүн да, анын айрым бөлүктөрүн да сүрөттөөгө болот. Жердин томпок бети тегиз бетте (кагазда) сүрөттөлгөндө айрым каталыктар болот. Мында негизги каталыктар эки түрдүү болот: аянт каталыгы жана багыт каталыгы. Мисалы, Дүйнө картасында түндүк жана түштүк уюлдарга жакын аралдар, деңиздер өзүнөн чоңураак сүрөттөлөт.

Мазмуну.
СӨЗ БАШЫ.
I ГЛАВА. КИРИШҮҮ.
1.1. География предмети жөнүндө түшүнүк.
1.2. Географиялык ачылыштар жана азыркы заман географиясы.
II ГЛАВА. ГЕОГРАФИЯЛЫК КАРТАЛАР.
2.1. Географиялык карталар.
2.2. Географиялык координаталар.
2.3. Масштаб.
2.4. Иш жүзүндө машыгуу.
III ГЛАВА. ГЕОГРАФИЯЛЫК КАБЫК.
3.1. Географиялык кабыктын чек аралары, өзгөчөлүктөрү.
3.2. Географиялык кабыктын өнүгүү баскычтары.
3.3. Литосфера жана анын кыймылдары.
3.4. Жердин климаттык алкактары.
3.5. Ландшафттар.
3.6. Жер жүзүнүн калкы жана анын табиятка таасири.
IV ГЛАВА. ДҮЙНӨ ОКЕАНЫ.
4.1. Дүйнө океаны жана анын бөлүктөрү.
4.2. Дүйнө океаны түбүнүн геологиялык түзүлүшү жана рельефи.
4.3. Океан суусунун өзгөчөлүктөрү.
4.4. Океан байлыктары жана алардан пайдалануу.
4.5. Жалпылаштыруучу сабак.
V ГЛАВА. МАТЕРИКТЕРДИН ЖАНА ОКЕАНДАРДЫН ТАБИЯТЫ.
Африка материги.
5.1. Географиялык орду жана үйрөнүлүшү.
5.2. Геологиялык түзүлүшү, рельефи жана кен байлыктары.
5.3. Материк климатынын өзгөчөлүктөрү. Климаттык алкактар.
5.4. Африка материгинин ички суулары.
5.5. Иш жүзүндө машыгуу.
5.6. Материктин табият зоналары.
5.7. Табигый географиялык өлкөлөрү. Материктин табиятына адамдын таасири.
5.8. Атлантика океаны.
5.9. Инди океаны.
5.10. Иш жүзүндө машыгуу.
5.11. Жалпылаштыруучу сабак.
Австралия материги.
5.12. Географиялык орду, үйрөнүлүшү, геологиялык түзүлүшү, кен байлыктары жана рельефи.
5.13. Климаты, ички суулары жана табият зоналары.
5.14. Материктин калкы жана анын табиятка таасири.
5.15. Жалпылаштыруучу сабак.
5.16. Тынч океан.
5.17. Океания.
5.18. Иш жүзүндө машыгуу.
Антарктида материги.
5.19. Географиялык орду, үйрөнүлүшү, геологиялык түзүлүшү, кен байлыктары, рельефи.
5.20. Климаты жана органикалык дүйнөсү.
Түштүк Америка материги.
5.21. Географиялык орду, үйрөнүлүшү, геологиялык түзүлүшү, кен байлыктары, рельефи.
5.22. Климаты жана ички суулары.
5.23. Иш жүзүндө машыгуу.
5.24. Түштүк Американын табият зоналары жана бийиктик алкактары.2
5.25. Табигый географиялык өлкөлөрү. Калкы жана анын табиятка таасири.
Түндүк Америка материги.
5.26. Географиялык орду, үйрөнүлүшү, геологиялык түзүлүшү, кен байлыктары, рельефи.
5.27. Түндүк Американын климаты жана ички суулары.
5.28. Түндүк Американын табият зоналары жана бийиктик алкактары.
5.29. Иш жүзүндө машыгуу.
5.30. Табигый географиялык өлкөлөрү жана калкынын табиятка таасири.
5.31. Түндүк Муз океаны.
5.32. Жалпылаштыруучу сабак.
Евразия материги.
5.33. Евразиянын географиялык орду, үйрөнүлүшү.
5.34. Географиялык түзүлүшү, кен байлыктары. Рельефи.
5.35. Евразиянын климаты.
5.36. Евразиянын климаттык алкактары.
5.37. Евразиянын ички суулары.
5.38. Иш жүзүндө машыгуу.
5.39. Евразиянын табият зоналары.
5.40. Евразиянын калкы жана анын табиятка таасири.
5.41. Евразия аймагынын табигый географиялык өлкөлөргө бөлүнүшү.
5.42. Иш жүзүндө машыгуу.
5.43. Жалпылаштыруучу сабак.
Тиркемелер.
Түшүндүрмө сөздүк.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу География, 7 класс, Миракмалов М., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: ::