Жалпы химия, 11 класс, Машарипов С., 2018

Жалпы химия, 11 класс, Машарипов С., 2018.

Учебник по химии для 11 класса на киргизском языке.
 
   Жалпы химия инсандын иш-аракетинин эң байыркы тармагы болуп эсептелет. Заттын касиеттерин терең үйрөнүп жана андан инсандын жыргалчылыгы жолунда пайдалануу азыркы күндүн негизги маселелеринин бири болот.
Ушул окуу китеби сегиз бөлүмдөн түзүлүп, жалпы химиянын зарыл болгон негизги темаларын камтыган. Ар бир тема маселе жана көнүгүүлөр менен бышыкталып, кыйынчылык туудуруучу маселелердин чыгарылыш усулу түшүндүрүү негизинде корсотүп берилген.

Жалпы химия, 11 класс, Машарипов С., 2018


Атом түзүлүшү.
Алгачкы жолу атом дун түзүлүшүн 1911 -жылы Э. Резерфорд жана анын кесиптештери сунуш кылышкан, бул теория атомдун планетардык модели дейилет. Бул теория боюнча атомдун борборун оң заряддалган ядро ээлейт. Ядронун тегерегинде электрондор орбита бойлоп айланып, атомдун өлчөмдөрү электрон аракег кылып жаткан орбиталардын өлчөмдөрүнө бай-ланыштуу. Резерфорд модели атом түзүлүшү теориясынын өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлейт. Бирок бул моделге көрө электрон тынбай орбита бойлоп атом ядросунун тегерегинде айланып энергияны ажыратып турса, анын энергиясы жоголуп, ядрого кулашы керек болчу. Бирок амалда мындай болбой, Резерфорд модели муну түшүндүрүп бере албады.

Даниялык физик окумуштуу Н. Бор теориясы боюнча электрондук энер-гияны кванттарга (кичине бөлүктөр) бөлүп ажыратат, деп болжол кылган. Бул теорияга көрө электрон ядро тегерегинде белгилүү бир аралыкта, орбита бойлоп аракеттенет. Бул орбита бойлоп электрон энергияны ажыратпастан ара-кеттениши мүмкүн. Атомго энергия берилгенде анын электрону жогорураак энергетикалык даражага көчүшү мүмкүн. Бул абал электрон үчүн «козголгон» абал дейилет. Атом энергияны жутушу же ажыратышы электрон бир орбита-дан башка орбитага өтүшүндө гана байкалат.

МАЗМУНУ.
1-БӨЛҮМ. Атом жана молекулалардын түзүлүшү жөнүндө түшүнүктөр. Мезгилдик закон.
1-§ Атом түзүлүшү.
2-§. Мезгилдик закон. Д.И. Менделеевдин мезгилдик системасы.
3-§. Атомдун курамы. Ядро реакциялары.
4-§.Химиялык байланыш түрлөрү.
2-БӨЛҮМ. Заттын өлчөмү.
5-§. Заттын олчомү.
6-§. Авогадро закону. Газдар аралашмасы.
7-§. Эквивалент.
8-§. Менделеев - Клапейрон тендемеси.
3-БӨЛҮМ. Күчтүү жана күчсүз электролиттер. Диссоциациялануу. Гидролиз.
9-§. Күчтүү жана күчсүз электролиттер жөнүндө түшүнүк.
10-§. Диссоциациялануу даражасы. Кыска жана толук иондуу тендемелер.
11-§.Туздардын  гидролизи жана андагы эритме чөйрөсү.
4-БӨЛҮМ. Эритме.
12-§. Эритме жөнүндө түшүнүк.
13-§. Эригичтик.
14-§.Эригичтик темасы боюнча маселелер жана алардын чыгарылышы.
15-§.Эритме концентрациясы жана аны туюнтуу усулдары. Проценттик концентрация.
16-§.Проценттик концентрация темасы боюнча маселелер жана алардын чыгарылышы.
17-§. Проценттик концентрация, эритме массасы, колом жана тыгыздыгы арасындагы байланыш.
18-§. Молярдуу концентрация.
19-§. Нормалдуу концентрация.
20-§. Проценттик жана молярдуу концентрация арасындагы байланыш.
21-§. Проценттик жана нормалдуу концентрация арасындагы байланыш.
5-БӨЛҮМ. Реакция ылдамдыгы.
22-§. Реакция ылдамдыгы жөнүндө түшүнүк.
23-§. Реакция ылдамдыгына басым, көлөм жана температуранын таасири. Катализатор жөнүндө түшүнүк.
24-§.Ылдамдык темасы боюнча маселелер жана алардын чыгарылышы.
6-БӨЛҮМ. Химиялык теңдештик.
25-§. Кайтуучу жана кайтпас реакциялар. Химиялык теңдештик.
26-§. Химиялык теңдештиктер жана ага таасир этүүчү факторлор.
27-§. Химиялык теңдештик темасы боюнча маселелер жана алардын чыгарылышы.
7-БӨЛҮМ. Оксидденүү-кайтарылуу рсакциялары.
28-§. Океидденүү-кайтарылуу реакцияларын жарым реакция уеулу менен тецдештирүү.
29-§. Оксидденүү жана кайтарылуу реакцияларынын эритме чөйрөеүнө байланыштуулугу.
30-§. Оксидденүү-кайтарылуу реакцияларында заттардын эквиваленттик оордуктарын аныктоо.
8-БӨЛҮМ. Электролиз.
31-§. Электролиз жонүндо түшүнүк. Эритме жана балкыма электролизи.
32-§. Электролиз закондору.
33-§. Электролиз темасы боюнча масаелелер жана алардын чыгарылышы.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Жалпы химия, 11 класс, Машарипов С., 2018 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: ::