Мамлекеттин жанa укуктун негиздери, 11 класс, Исматовa Н., Kaримовa O., 2018

Мамлекеттин жанa укуктун негиздери, 11 класс, Исматовa Н., Kaримовa O., 2018.

Учебник по праву для 11 класса на киргизском языке.

   Колуңдагы окуу китеби төмөн класстарда алган билимиңди байытат жанa толтурат, укуктук билимиңди кеңитет. Ал эми мaданиятка канчалык ээ болуу өзүңө байланыштуу.
Мыйзамдарды билбеген адам бүгүнкү күндө өзүнүн укук жана милдеттерин билбейт. Ал турмушта кандайдыр кыйын абалга түшүп калса, бул абалдан кантип чыгууну, көйгөйдү кантип чечүүнү билбей, коргоосуз абалда калат. Бир акылман «Эң мыкты эркиндик – бул мыйзамдарга баш ийүү», деген экен. Анткени, мыйзамдын үстөмдүгү өлкөдө тынчтык, эркиндик жанa демократиялык принциптер өкүмдүк кылышынын кепили болуп саналат.
Бул багыттагы билимдериңди бышыктоодо жанa жогорку ахлактык баалуулуктар менен кошо укуктук маданиятка да ээ болууда сага ийгиликтерди каалабыз.

Мамлекеттин жанa укуктун негиздери, 11 класс, Исматовa Н., Kaримовa O., 2018


Үй-бүлө укугунун Конституциялык негизи.
Үй-бүлө-укук мамилелеринин негизги булагы – Өзбекстан Республикасынын Конституциясы. Коом жанa мамлекеттин үй-бүлөгө кам көрүшү социалдык саясатыбыздын маанилүү багытына айланган.

Үй-бүлө бекем болсо – коом бекем, коом бекем болсо – мамлекет туруктуу болот. Андыктан үй-бүлө коомдун негизги мууну иретинде каралып, баланын инсан иретинде калыптанышы, келечекте коомдо өз ордун табышы жанa жеткилең инсан болуп эрезеге жетишинде негизги фундамент эсептелет.

Тарыхка кайрылсак, байыркы салттарыбыз: адалдык, чынчылдык, ар-намыс, ыйбаа, мээримдүүлүк, мээнеткечтик өңдүү инсандык сапаттар эң мурда үй-бүлөдө калыптанган. Тартиптүү, билимдүү жанa акылдуу, мээнеткеч, ыймандуу перзент ата-эненин гана эмес, ошондой эле жалпы коомдун эң чоң байлыгы саналган.

Mазмуну.
Kиришүү.
1-§ Өзбекстан Республикасынын Конституциясы мамлекеттин укуктук негизи.
I бөлүм. ҮЙ-БҮЛӨ УКУГУ.
2-§ Үй-бүлө коомдун негизги мууну.
3-§ Никеге туруунун тартиби жанa шарттары.
4-§ Эрди-катындын жеке укук жанa милдеттери.
5-§ Эрди-катындын мүлктүк укук жанa милдеттери.
6-§ Эр менен катын мүлкүнүн келишимдик тартиби.
II бөлүм. КЫЛМЫШ УКУГУ.
7-§ Кылмыш укугунун максаты, милдети жанa принциптери.
8-§ Кылмыштын белгилери.
9-§ Кылмыштык жоопкерчилик жанa жаза системасы.
10–11-§ Жарандардын Конституция жанa мыйзамдардa бекемдеп коюлган укук жанa эркиндиктерине каршы кылмыштар.
12-§ Үй-бүлөгө, жаштарга жанa ахлакка каршы кылмыштар.
13-§ Тынчтык жанa коопсуздукка каршы кылмыштар.
14-§ Экономика жаатындагы кылмыштар.
15-§ Башкаруу тартибине каршы кылмыштар.
16-§ Жамаат коопсуздугуна каршы кылмыштар.
17-§ Маалымат технологиялары жаатындагы кылмыштар.
III бөлүм. Каржы укугу.
18-§ Өзбекстанда каржы-насыя системасы.
19-§ Каржылык-укуктук мамилелер.
20-§ Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик бюджети жанa бюджет укугу.
21-§ Мамлекеттин кирешелерин укуктук жөнгө салуу.
22-§ Мамлекет насыясынын укуктук негиздери.
IV бөлүм. ЭКОЛОГИЯ УКУГУ.
23-§ Табиятты коргоонун укуктук негиздери.
24-§ Экологиялык укук бузгандык үчүн жоопкерчилик.
V бөлүм. ПРОЦЕССУАЛДЫК УКУК.
25-26-§ Кылмыш-процессуалдык мыйзам документтери.
27-§ Кылмыш процессинин катышуучулары.
28-§ Кылмыш-процессуалдык мыйзамдуулукта аныкталууга тийиш болгон жагдайлар.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Мамлекеттин жанa укуктун негиздери, 11 класс, Исматовa Н., Kaримовa O., 2018 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи: