Информатика жана маалымат технологиялары, 7 класс, Балтаев Б.Ж., 2017

Информатика жана маалымат технологиялары, 7 класс, Балтаев Б.Ж., 2017.

Учебник по информатике для 7 класса на киргизском языке.

   Сен мурдагы класстарда заманбап маалымат технологиялары каражаттарынан бири саналган компьютер ден пайдалануу боюнча алгачкы билгичтик жана көнүгүүлөргө ээ болгонсуң. Ошону менен бирге, компьютер — окутуу, эсептөө, сүрөттөө, редакциялоо, эс алуу жана маалымат менен иштөө каражаты экендиги жөнүндө маалымат алгансың.
Бул окуу китебинин жардамында сен маалыматты чогултуу, узатуу, сакгоо жана кайра иштетүү мыйзамдарын, усулдарын, ошондой эле оперативдүү компьютерлер жана башка заманбап каражаттардан пайдаланууну үйрөнөсүң. Азыркы күндо маалыматтын баалуу продукцияга айланып жаткандыгы информатика предметинин ролу жана мааниси күндөн-күнгө өсүп бара жатканынан күбөлүк берет.

Информатика жана маалымат технологиялары, 7 класс, Балтаев Б.Ж., 2017


Маалыматтуу жараяндар.
Адатта, адамдын көңүлүн өзүнө тарткан буюм, кубулуш, жараян, иш, өзгөчөлүк же мамиле объект деп аталат. Информатикада нерсе, жараян, материалдык жана материалдык эмес касиеттүү кубулуштар, алардын маалымат берүү өзгөчөлүктөрүнөн келип чыгып, маалымат объекттери деп аталат.

Сен ушул жашка чейин турмуштан жана мектептеги предмет-терден азбы же көппү маалымат алдьщ, кийинчерээк пайдалана алуу үчүн аларды дептерлерде жана альбомдордо текст, чийме же сүрөт көрүнүшүндө туюнттуң. Маалыматтардын белгилүү бөлүгүн жатка сактап калдың, ал эми калгандарын болсо дептер, альбом же китептерден пайдаланып, керектүү учурларда оюнда кайра калыбына келтирсең болот. Алган маалыматтарың жылдар өтүшү менен тереңдешти жана кеңейди, бири-бири менен байланышып, нерселер же жараяндар жөнүндөгү билимиңди толуктады. Эми сен бул маалыматтардын кайсы бири туура же туура эмес, толук же чала экендиги, кайсы бири качан жана каерде керек болушу, кайсы маалыматтан пайдаланууга болушу же кайсы маалыматтан пайдаланууга болбостугу жөнүндө өз пикириңе ээсиң.

МАЗМУНУ.
Алгы сөз.
I ГЛАВА. МААЛЫМАТ.
1-сабак. Маалымат түшүнүгү жана билүү жөнүндө.
2-сабак. Маалыматтар үстүндө аткарыла турган амалдар.
3-сабак. Маалыматтарды коддоонун усулдары.
4-сабак. Эсеп системалары жөнүндө.
5-сабак. Экилик эсеп системасында амалдар аткаруу.
6-сабак. Практикалык машыгуу.
7-сабак. Бир эсеп системасындагы сандарды башка эсеп системасында сүрөттөө.
8-сабак. Практикалык машыгуу.
9-сабак. Маалыматтардын компьютерде сүрөттөлүшү.
10-сабак. Практикалык машыгуу.
II ГЛАВА. ИНТЕРНЕТТЕ ИШТӨӨНҮН НЕГИЗДЕРИ
11-сабак. Маалымат технологиялары.
12-сабак. Маалыматтуу аалам көйгөйлөрү жана Интернет.
13-сабак. Интернетте иштөөнү камсыздоочу программалар.
14-сабак. Интернетте маалыматтарды издөө.
15-сабак. Электрондук почта.
16-сабак. Маалыматтарды коргоо жана антивирустар жөнүндө.
17-сабак. Кайталоо боюнча тапшырмалар.
Тесттер.
Негизги терминдердин түшүндүрмөсү.
Адабияттар.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Информатика жана маалымат технологиялары, 7 класс, Балтаев Б.Ж., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: ::