Кыргыз тили, 7 класс, Мусаева В., Үсөнбаев С., Тойчубаева С., 2017

Кыргыз тили, 7 класс,  Мусаева В., Үсөнбаев С., Тойчубаева С., 2017.

Учебник по киргизскому языку для 7 класса на киргизском языке.

   Жалпы элдик тилдин өркүндөтүлгөн эң жогорку формасы адабий тил деп аталат.
Кыргыз адабий тили — жалпы элдик тилдин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган, айтылышы, жазылышы, колдонулушу такталган, айтылуучу ойду даана, так бере алган, коомдун бардык топторуна бирдей орток тил.
Кыргыз элинин эл болуп түзүлүшүнө кызмат кылып келген, элдин биримдигин сактаган, кыргыз коомун тейлеп, кыргыз урууларын бирдикте баш коштуруп келген жалпы элдик тилибиздин негизинде кыргыз адабий тили түзүлдү.

Кыргыз тили, 7 класс,  Мусаева В., Үсөнбаев С., Тойчубаева С., 2017


ТЕКСТТИН МААНИЛИК БҮТҮНДҮГҮ.
Текст — маанилик, тематикалык, грамматикалык, стилистикалык жана структуралык жактан тыгыз байланышкан бир нече сүйлөмдөрдөн түзүлгөн кеп ишмердүүлүгүнүн оозеки, жазуу жүзүндөгү көрүнүшү жана жыйынтыгы. Тексттин ички маанилик бүтүндүгүн камсыз кылууда негизги ой менен теманын ролу зор. Алар тексттеги сүйлөмдөрдү байланыштыруу менен бирге маанилик бүтүндүктүн башкы белгиси катары көрүнөт. Маанилик бүтүндүк тексттеги чагылдырылган окуялардын ырааттуу өнүгүшү жана көрүнүштөрдүн өз ара байланыштуулугу менен да аныкталат.

Текст маанилик бүтүндүк катары композициялык — структуралык жактан төмөндөгүдөй бөлүктөрдү өзүнө камтып турат: а) тексттеги ойдун башталышы; б) тексттеги ойдун өнүгүшү; в) тексттеги ойдун аякталышы. Тексттин негизги ою жана темасынан кабар берүү менен окуя, көрүнүш, кыймыларакеттердин аталыштарын туюндурган зат, алгачкы бир нече сүйлөмдөр текстеги ойдун башталышы деп аталат. Теманы жана негизги ойду терендетүү менен окуялардын андан ары кеңейтилип баяндалышын туюндурган бир катар сүйлөмдөр текстеги ойдун өнүгүшү деп аталат. Ал эми окуя, көрүнүш, кубулуштар тууралуу ой-корутундуларды жыйынтыктап турган акыркы сүйлөмдөр текстеги ойдун аякталышы деп аталат.

МА3МУНУ.
Кыргыз адабий тили жөнүндө түшүнүк.
1—15-§. Байланыштуу кеп.
16—25-§. Морфология жана орфография.
26—30-§. Өзгөчө сөз түркүмдөрү.
31—33-§. Сырдык сөздөр.
34—35-§. Жандоочтор.
36—44-§. Байламталар.
45—46-§. Бөлүкчөлөр.
47—49-§. Модалдык ссөздөр.
50-§. Өтүлгөн материалдарды жыйынтыктоо (кайталоо) сабагы.
Окуучулардын алган билимин, машыккандыгын жана көнүккөндүгүн текшерүү үчүн тесттер.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Кыргыз тили, 7 класс, Мусаева В., Үсөнбаев С., Тойчубаева С., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: :: ::


 


 

2024-03-29 01:10:04