География, 5 класс, Гуламов П., Курбанниязов Р., 2015

География, 5 класс, Гуламов П., Курбанниязов Р., 2015.

Учебник по географии для 5 класса на киргизском языке.

   Сен быйылкы окуу жылынан баштап жаны предмет — «Географияны» үйрөнөсүң. Биздин залкар ата-бабаларыбыз географияны жакшы билишкен, ошондуктан алар бул предмет жөнүндө өтө баалуу жана кызыктуу маалыматтарды жазып калтырышкан.
Географияны жакшы үйрөнүү үчүн сенде колуңдагы окуу китебинен тышкары «Табигый география башталгыч курсунун» атласы, жазуусуз карта жана чакмак сызыктуу дептер болу у га тийиш. Ошондой эле түстүү карандаштар, сызгыч, очүргүч, циркуль жана кээ бир тапшырмаларды аткаруу үчүн компас менен глобус да керек болот. Параграфтын аягындагы тапшырмаларды аткарганда, суроолорго жооп бергенде, китептеги сүроттордон жана карталардан пайдаланууну унутпа.

География, 5 класс, Гуламов П., Курбанниязов Р., 2015


ЖЕРДИН КҮНДҮН АЙЛАНАСЫНДА АЙЛАНЫШЫ.
Жер Күндүн айланасын 365 сутка жана 6 саатта бир жолу толук айланып чыгат. Эсепке туура болсун үчүн бир жыл 365 күн деп кабыл алынган. Ошондо ар жылы 6 сааттан чогулуп, 4 жылда 24 саат, башкача айтканда бир сутка болот. Ошондуктан ар үч жылдан кийин төртүнчү жыл 366 күн болот. Бул жылга кабиса (високосный) жыл дейилет. Ошол жылы февраль айы 28 күн эмес, 29 күн болуп эсептелет.

Эмне үчүн жыл мезгилдери оошуп турат? Муну түшүнүү үчүн 14-сүроттү иликтеи көрөбүз. Сүрөттө Жердин Күндүн айланасында айланып жаткан түрдүү убакыттардагы абалы көрсөтүлгөн. Июнь айында Түндүк жарым шар Күнгө көбүрөөк карап турат. 22-июнь жайкы Күндүн турган күнү дейилет. Күн горизонттун үстүндө эн бийикке көтөрүлөт. Түндүк жарым шарда жай, ал эми Түштүк жарым шарда болсо кыш болот. 21-март жана 23-сентябрь күндөрү болсо Күн эки жарым шарды тен бирдей жарыктандырат. Бул күндөрдү жазгы жана күзгү тең күндүк деп атайбыз. 22-декабрда болсо Күн Түштүк жарым шары менен Күнгө карап турат. Түндүк жарым шарда күн эн кыска, ал эми түн болсо эн узун болот. Бул убакытта Түштүк жарым шарда жай, Түндүк жарым шарда болсо кыш болот. 22-декабрды Күндүн кышкы турган күнү дейбиз.

Мазмуну.
Окуу китеби менен кандай иштөө керек?.
Киришүү.
1-§. География эмнени үйрөнөт?.
Жер кандай үйрөнүлгөн.
2-§. Байыркы заманда адамдар жерди кандайча элестетишкен?.
3-§. Жер жүзүнүн ачылышы жана изилдениши.
Жер — Күн системасындагы планета.
4-§. Күн, Ай жана жылдыздар.
5-§. Жердин өз огу айланасында айланышы жана анын чондугу.
6-§. Жердин Күндүн айланасында айланышы.
Жердин планы жана географиялык карталар.
7-§. Багыттын азимуту жана аралыкты ченөө.
8-§. Масштаб.
9-§. Жердин планын түзүү.
10-§. Жердин планынан пайдалануу.
11-§. Географиялык карта.
12-§. Практикалык иш. Жердин планы жана географиялык карталар.
Жердин таш кабыгы — литосфера.
13-§. Жердин кабыктуу түзүлгөндүгү.
14-§. Литосфера.
15-§. Жердин кабыгынын кыймылы.
16-§. Жер бети рельефинин негизги формалары.
17-§. Жер таш кабыгынын байлыктары.
Жердин суу кабыгы — гидросфера.
18-§. Гидросферанын курамдык бөлүктөрү.
19-§. Дүйнө океаны.
20-§. Океан суусунун өзгөчөлүктөрү.
21-§. Жер асты суулары.
22-§. Дарыялар.
23-§. Көлдөр жана мөңгүлөр.
Жердин аба кабыгы — атмосфера.
24-§. Атмосферанын түзүлүшү.
25-§. Абанын температурасы жана басымы.
26-§. Шамалдар жана аба массалары.
27-§. Абанын нымдуулугу жана жаандар.
28-§. Аба-ырайы жана климат.
29-§. Практикалык иш. Жердин аба кабыгы.
Биосфера — жашоонун кабыгы.
30-§. Жер кабыктарынын өз ара таасири.
31-§. Организмдердин Жердин кабыктарына таасири.
Жаратылыш комплекстери.
32-§. Географиялык кабык жана жаратылыш комплекси.
33-§. Географиялык алкактар жана жаратылыш зоналары.
34-§. Өзүбүз жашап жаткан жер.
Термин жана түшүнүктөрдүн түшүндүрмө сөздүгү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу География, 5 класс, Гуламов П., Курбанниязов Р., 2015 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Хештеги: :: :: :: ::