Бул окуу китеби үч бөлүктөн турат. Анын 1-бөлүгүндө жөндөмөлөр системасы, этиштин учур жана келер чагы сыяктуу грамматикалык материалдар берилген. Ал эми 2- бөлүгүндө этиштин өткөн чагынын формалары, этиштин айрым аналитикалык формалары, этиштин ыңгайлары сыяктуу грамматикалык материал камтылып, аларды көнүгүүлөр, диалогдор, тексттер толуктап турат. Окуу китебинин 3-бөлүгү татаал сүйлөмдөр, айрым көмөкчү этиштердин колдонулушу сыяктуу грамматикалык темаларды өзүнө камтыды.
