Учебник по изобразительному искусству для 6 класса на киргизском языке.
Ушул окуу китеби жалпы орто билим берүүчү мектептердин 6 - класстары үчүн Өзбекстан Республикасынын Элге билим берүү министрлиги бекиткен. Мамлекеттик билим берүү стандарты жана окуу программасы негизинде жазылды. Бүгүнкү күнгө чейин 6-класстар үчүн жалпы орто билим берүүчү мектептерде Мамлекеттик билим берүү стандарты негизиндеги сүрөт өнөрү сабагынын болбогондугу, окуучуларга кыйла кыйынчылык келтирип, боштук пайда болуп келди. Сүрөт өнөрү предмета мугалимдери көп жылдар бою окуу планы негизиндеги сабактын темаларын кошумча адабияттардан пайдаланып алып барышты. Жаңы окуу китептин жаратылганы предметти окутууда төмөндөгү бир нече маселелерди чечүүгө жардам берет.
