Кыргыз тили, 8 класс, Өмүралиев Б., Уринбаева Ш., 2019.
Учебник по киргизскому языку для 8 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
Тил – адамзат коомунун туундусу белгилүү бир эл калыптандырган жалпы элдик байлык. Ал ошол элдин сөз каражаттарынын жыйындысы сөз берметтери. Тил – ошол улуттагы адамдардын бири-бирине өз ойлорун жеткире турган сөз байлыгы, сөздөрдүн казына кенчи. Эгерде тилди элдин казына кенчи десек ал бир эле күндө, кимдир бирөөнүн каалоосу менен түзүлө калбайт. Ал адамзаттын тарыхында нечендеген кылымдарды басып, доорлорду алмаштырып, анан келип улутка таандык асыл кенч катары жаралган.
Тил жөнүндөгү илим тил илими (лингвистика) деп аталат. Анын ар кандай бөлүктөрү бар, ал бөлүктөрдүн маанилери жана аткарган кызматтары ар башка.
