Учебник по геометрии для 9 класса на киргизском языке.
9-класста геометриянын планиметрия бөлүмүн- тегиздиктеги геометриялык фигуралардын касиеттерин үйрөнүү улантылат. Ал жерден сен геометриялык алмаштыруулар, геометриялык фигуралардын окшоштугу, үч бурчтуктардын жактары менен бурчтары ортосундагы катыштар, айлананын узундугу жана тегеректин аянты, үч бурчтуктардагы жана айланадагы метрикалык катыштар менен таанышасын.
Бул окуу китебинин мазмуну туруктуу аксиомалык системанын негизине курулган. Бул жерде теориялык материалдар мүмкүнчүлүгүнүн барынча жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде баяндалган. Бардык темалар менен түшүнүктөрдү түркүн-түмөн турмуштук мисалдар аркылуу ачып берилген. Ар бир темадан кийин берилген суроолор, далилдөөгө, эсептөөгө жана түзүүгө тиешелүү көптөгөн маселелер менен мисалдар окуучуларды чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө үндөйт, ага алган билимдерин тереңдетүүдө жана бекемдөөдө жардам берет. Окуу китеби өзүнүн өзгөчө дизайны жана сабак материалдарынын көргөзмөлүү түрдө берилиши менен да өзгөчөлөнүп турат. Анда берилген сүрөттөр менен чиймелер сабактын материалын мыкты өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
