Учебник по основам духовности для 10-11 класса на киргизском языке.
Бул окуу китебинде сенин дилиңе улуттук аң-сезим жана көз караштын негиздерин сиңдирүү, сени руханий коопторго каршы бекем тура алуучу мекенчил, патриот инсандар кылып тарбиялоо максатында руханияттын түпкү негизине кирип барууга аракет кылынды. Ар бир теманын башында активдештирүү үчүн суроо жана тапшырмалар берилген. Көпчүлүк жагдай жана мисалдар теңкурларыңдын жашоосунан алынган. Булар сенин төмөнкү класстарда алган билимдериңди эске алууңда өзүнчө экзамен милдетин өтөйт.
Мындан сырткары, ар бир теманын аягында «Сабактан таалим» жана «Табышмак» берилген. Аларды кунт коюп оку, «Табышмак»тардын жообун үй-бүлөң менен чогуу чечмеле. Алар дүйнө карашыңды, ой-пикириңди андан да кеңейтүүгө кызмат кылат, деп ишенебиз.
Ардактуу окуучу! Авторлор тобу «Руханият негиздери» предметин мыкты жана терең өздөштүрүүңдө ийгиликтер каалайт.
