Учебник по физике для 7 класса на киргизском языке.
Физика – табият жөнүндөгү илим. Бул сөздү илимге грек ойчулу Аристотель киргизген.
Физика илими айланабызда болуп жаткан кубулуш жана жараяндарды түшүндүрөт. Мисалы, суунун буулануусу, жамгыр жаашы, муздун эрүүсү, чагылган болушу, лампочканын күйүүсү жана башкалар.
Физика илими көптөгөн тармактардын өнүгүүсүндө олуттуу мааниге ээ, мисалы, электроника, робототехника, кайра калыбына келе турган энергиянын булактары, жаңы түрдөгү материалдарды өндүрүү, медициналык курулмаларды жаратуу.








