Учебник по естествознанию для 2 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
Жумушчу бал аарылар өтө эмгекчил келишет. Алар уяны тазалайт, коргойт, гүл чаңын жана нектар чогултат. Жумушчу аары нектарды тумшугу менен соруп алат. Ал эми гүл чаңын буттарындагы себетчеге топтойт. Бал аарылар чогулткан нектар балга айланат. Жумушчу бал аарылар жумурткадан чыккан курттарын гүл чаңы жана бал менен багат.








