Учебник по информатике для 8 класса на киргизском языке.
Сен таанышып жаткан жана мындан ары пайдалана турган бул окуу китеби сени информатика дүйнөсүнө алып кирет, анын сырларын үйрөнүүдө жакындан жардам берет, деген үмүттөбүз.
Окуу китеби үч главадан турган болуп, биринчи главада компьютерлер жана алардын түзүлүшү, экинчи главада операциялык системалар, ал эми үчүнчү главада болсо электрондук жадыбалдын мүмкүнчүлүктөрү, электрондук жадыбалдардын жардамында даярдалган документтерде сүрөттөр жана жадыбалдар менен иштөө, диаграмма менен графиктерди жайгаштыруу усулдары жөнүндө сөз болот.








